Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 136 (First aid 4)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

136. Тез жардам 4


(Жол кыймылынын уу-дуусу)

Кыз: «Жашоо мектеби, 3-бөлүм, биринчи жардам».

Балдар, силер дарыгерлери, медайымдары жок оорукананы көрдүңөр беле?

Качандыр бир кезде Израилде ушундай оорукана болгон. Ал ооруканага караганда бассейнге көбүрөөк окшош болчу. Бассейндин төрт тарабында тирөөчү бар, үстү жабык галерея бар эле. Бассейн болсо ортосунда өтмөгү бар эки бөлүктөн турчу.

Ал жерде көптөгөн оорулуу адамдар жатышчу. Бирок аларды дарыгерлер дарылачу эмес. Аларга биринчи жардам көрсөтүлчү эмес. Тез жардам дагы ал жерде жок эле.

Оорулуулар дайыма көлдү карап отурушчу. Мезгил-мезгили менен периште сууну чайпап турчу, ошондо ким үлгүрүп сууга биринчи секирсе, оорусунан айыккан деп айтышат. Баарынын эле айыккысы келчү! Өзгөчө бир аксак адам. Ал керектүү жардамды суудан алам деп үмүттөнгөн.

Киши: «Суудан көзүмдү ала албайм. Мына, суу чайпала баштады! Мен үлгүрүп, сууга биринчи секиришим керек (суунун шарпылдашы). Эх, дагы кечиктим. Мен эч качан биринчи секире албайм го…»

Ал кайгырып, төшөгүнө жатып калды. 38 жылдан бери ал Бетезда көлүнөн «жардам» күтүп жүргөн. Бир да жолу биринчи болуп секиргенге жетишкен эмес.

Бирок бир жолу анын жанына бир Адам келди.

Ыйса: «Айыккың келеби?»

Киши: «Айыккым келет. Бирок сууга биринчи секирүүгө жардам берген эч ким жок. Дайыма башкалар озуп кетет».

Ыйса: «Тур, төшөгүңдү ал да, жөнө!»

Ал ордунан турду. Айыгып калды. Ийне сайдырбай эле, таңдырбай эле керектүү жардамды алды. 38 жылдан кийин ал акыры айыкты! Кызык, анын айыкканына башкалар кубанды бекен?

Фарисей: «Эмне кылып атасың? Төшөгүңдү көтөрүп жүрүүгө сага ким уруксат берди? Бүгүн ишемби. Ишембиде эч нерсе кылууга болбойт, эс алуу гана керек!»

Киши: «Мени айыктырган Адам мага төшөгүңдү ал да, жөнө деди».

Фарисей: «Ким эле ал?»

Киши: «Билбейм. Мен Аны андан кийин көргөн жокмун».

Балдар, Ал Ким эле, силер билесиңерби? Туура. Ыйса Теңир. Ал баарынан жакшы жардам берет. Денеге эле эмес, жанга да. Ал жардам берүүнү, куткарууну каалайт.

Кийинчерээк Ыйса ал адам менен дагы жолугушуп, ага жакшы кеңеш берди.

Ыйса: «Эми сенин дениң сак. Абалың мындан жаман болбошу үчүн, мындан ары чындыктан четтебе, күнөө кылба».

Ыйса эмнени айтканын мен түшүнөм. Силерчи балдар?


Катышуучулар: Айтып берүүчү, киши, Ыйса, фарисей, кыз

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on August 22, 2022, at 05:26 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)