Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 104 (Pharaoh is obstinate 4)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

104. Фараон каршы чыгат 4


Арун: «Муса? Бул сенби? Сага тынчтык болсун!»

Муса: «Арун? Ишене албай турам! 40 жыл көрүшпөдүк!»

Бир туугандар кучакташып калышты. Болуп көрбөгөндөй кубанычка батышты.

Алар үчүн Кудайдын иши бар болчу.

Муса ысрайыл элин Египеттеги кулчулуктан чыгарышы керек эле, агасы ага жардам бермек. Алар катаал башкаруучуга – фараонго баруулары керек болчу. Бул үчүн аларга кажыбас кайрат керек эле.

Муса: «Фараон, Ысрайылдын Теңири буйрук кылат: Менин элимди бошот!»

Фараон: «Теңир? Ал ким экен? Мен Аны билбейм. Ысрайылдыктарды бошотуу оюмда жок. Кеткиле бул жерден!»

Фараон Кудайды уккусу келген жок.

Фараон: «О, жалкоолор десе! Болгула, бат-баттан иштегиле! Мындан ары силерге кыш куйганга саман берилбейт. Кайдан тапсаңар, андан тапкыла! Мурда бир күндө канча кыш чыгарсаңар, азыр да ошончону чыгарасыңар».

Ойго келбеген иш! Баары мурдагыдан да начарлады. Ысрайылдыктар Мусаны урушуп атышты. Муса болсо, сыйынды.

Муса: «Теңир, Сен мени эмнеге фараонго жибердиң? Азыр абалыбыз мурдагыдан да жаман болду. Элдин эркиндиги үчүн эч нерсе кылган жоксуң».

Кудай айтат: «Жакында фараонду эмне кыларымды көрөсүң. Мен аны сенин элиңди кое бергенге мажбур кылам. Берген убадамды аткарам. Мен силерди азаттыкка чыгарам».

Кудай египеттиктерге көп жаза жөнөттү.

Бала: «Бир жолу Ал дарыядагы суунун баарын канга айлантты. Фараон баары бир эле ишенген жок».

Кыз: «Ии-ий! Бакалар жердин бетин бербей толуп, атургай фараондун төшөгүнө чейин кирип кетти!»

Бала: «Андан кийин катуу мөндүр бүт түшүмдү талкалап кетти».

Кыз: «Үч күн катары менен толук караңгылык каптап турду. Бирок бул кереметтердин бардыгы фараонду ынандырган жок. Ал өтө эле өжөр болуп чыкты!»

Бала: «Ушул жазалардын бардыгы ысрайылдыктарга тийбегени кандай сонун!»

Ошондо Кудай эң коркунучтуу жазаны жарыялады.

Кудай айтты: «Дагы бир жаза Фараон менен Египеттин башына түшөт, анан силер эркиндикке чыгасыңар».

Муса фараонго акыркы жолу келди.

Муса: «Ушул түнү Кудай Египет жерин аралап өтөт. Ар бир үй-бүлөнүн тун уулу өлөт. Сенин уулуң да өлөт. Ысрайыл тирүү Кудайга кызмат кыларын сен ошондо билесиң».

Ушул чындыкты фараон акыры түшүнөр бекен? Бул тууралуу биз эмки берүүбүздөн билебиз.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Муса, Арун, фараон, Кудай, бала, кыз

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on January 22, 2019, at 02:44 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)