Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 097 (Whoever won’t listen 1)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

97. Ким уккусу келбейт 1


(Шаймандардын такылдаган үнү)

1-киши: «Мына, дагы башталды!»

Аял: «Тажатты го ушу!»

2-киши: «Чунак киши! Жаан жаайт дейби. Ойлоп тапканын кара! Ага Кудай айткан имиш».

Кудай чындап эле ага ушундай деп айткан.

Кудай айтат: «Жер жүзүндө жашагандардын бардыгын жок кылам деп чечтим. Ойлорунун, иштеринин баары эле жамандык!»

Жалгыз Нух гана Кудай тууралуу ойлогон. Бул үчүн көп кайрат-күч керек болду. Нух азгырыктарга берилип, жаман жолду баскан жок. Ал Кудайдын айткандарын олку-солку болбой, бекемдик менен аткарды. Кудай ага абдан ыраазы болду.

Кудай айтат: «Нух, жыгачтан кеме кур. Жер үстүнө топон суу каптатам. Жандуулардын бардыгы чөгүп өлөт. Сени гана аялың, балдарың, келиндериң менен куткарам».

Нух Кудай эмне буюрса, ошонун баарын аткарды. Ал уулдары менен бирге Кудайдын нускамасы менен кеме курду. Кеменин узундугу 150 метрге, туурасы 20 метрге, бийиктиги 12 метрге чамалуу эле. Нух кемени үч кабаттуу кылып курду. Ар бир кабатында көптөгөн бөлмөлөр бар эле. Сыртынан да, ичинен да чайыр менен капталган кеменин чатырында гана бир эшик бар болчу.

Айланасындагылар аларды шылдыңдап күлгөнүн элестете аласыңарбы?

1-киши: «Бул Нух кемакыл. Мындай кайыкты кайдагы сууга салат?»

2-киши: «Мен өмүрүмдө жаанды көргөн эмесмин. Укчу Нух, таштачы ушу болбогон оюңду. Жашоого кубан андан көрө!»

Бирок Нух ишин токтоткон жок. Кудай буюргандын баарын жасады. Ал көп жыл мээнеттенди, акыры кеменин курулушу аяктады.

Кудай айтат: «Нух, үй-бүлөңдү алып, кемеге кир. Ар бир жаныбардан жубу менен алып, тамак-аш камда. Дагы бир жума өткөндөн кийин, Мен жерге жамгыр жаадырам. 40 күн, 40 түн жаан төгөт».

Нух жамгырды көргөн жок, бирок дайыма Кудай эмне айтса, ошону аткарды. Үй-бүлөсүн алып, кемеге кирди. Кемеге жаныбарлар да кирди. Коогалаң болорун алар да билгендей.

Баары кемеге жалгыз бир эшик аркылуу киришти.

Алардын артынан Кудай Өзү эшикти жапты. Ага ишенип, Ага тил алгандарды Кудай куткарды.

А калгандарчы? Алар Кудайга ишенишкен жок. Мына, жер үстүнө алгачкы тамчылар тамды. Адамдар капыстан көздөрү ачыла калгандай болушту. Кудай эмне айтса, ошону кылгандыгын түшүнүштү.

Андан ары эмне болгонун кийинки уктурууда айтып берем.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, эки киши, аял, Кудай

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 12, 2018, at 10:32 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)