Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 092 (A man-eating tiger 4)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

92. Киши жегич жолборс 4


Сахиб Грабб: «Рингу, сага эмне болду? Эмнеге кабатырсың?»

Рингу: «Сахиб, биз жолборско аңчылыкка баратабыз. Айылыбызда киши жегич жолборс жүрөт».

Сахиб Грабб: «Сен да барасыңбы аңчылыкка?»

Рингу: «Ооба! Жолборс же кара күчтөр мага тийсе эмне болот?»

Сахиб Грабб: «Сени сактай ала турган Бирөө бар. Бардык бийлик жана күчтөр Анын колунда. Ал үчүн бардыгы мүмкүн. Ал бардык кара күчтөрдөн күчтүү. Ал – Ыйса! Ал бизди кара күчтөрдүн бийлигинен бошотууга келгени Библияда жазылган».

Рингу: «Ыйса чындап эле алардан күчтүүбү?»

Сахиб Грабб: «Ооба, алда канча күчтүү!»

Рингу: «Мен Ага сендей болуп ишенгим келет».

Рингу ага Ыйса керек экенин даана түшүндү. Ал сыйынып, Ыйсаны жүрөгүнө чакырды. Көрүнбөгөн Кудайга кайрылды, Ыйса өзүн уккандыгына бекем ишенди.

Сахиб Грабб: «Рингу, Ыйсага жардам сурап, дайыма кайрылсаң болот. Атургай жолборско аңчылык кылган учурда да».

Бир нече сааттан кийин аңчылыкка чыга турган убакыт келди. Бара тургандар мылтыктарын алышты, Рингу болсо фонарик алды. Алар көлмөнүн жанындагы карт даракка акырын чыгышты да, саргара күтө башташты. Рингу ичинен сыйынып атты.

Рингу: «Ыйса Теңир, Сенден суранам, адамдарды өлтүрбөшү үчүн, жолборсту өлтүргөнгө жардам бер. Карасаң, тетиги жакта бир нерсе кыймылдап жатат».

Демиккен Рингу атасынын колун кыса кармады. Жолборс өгүздүн өлүгүнө жакын келди да, жутуна баса калды. Капыстан өйдө жакка карады, ошондон кийин баары көз ирмемде болуп кетти. (мылтыктын атылган үнү)

Атасы: «Кокуй! Мен жаза аттым!»

Киши: «Абайла! Бул жакка келатат! Бизди көздөй секирет!»

Атасы: «Рингу, фонариктин жарыгын көзүнө тушта! Батыраак көзүн кама!»

Рингу: «Жардамга! Фонариктин жарыгы начар. Ыйса Теңир, эмне кылам?»

Рингу фонарикти болгон күчү менен жерге ыргытты. Жолборс жарыкты көздөй атырылды. Ошол учурда мылтык атылды.

Жолборс дагы бир жолу секирди да, жерге кулап түшүп, узун өскөн чөптүн үстүндө тыбырчылап жатты. Ал жарадар болуптур. Рингунун атасы мылтыкты октоп, дагы бир жолу атты (мылтыктын атылганынын үнү). Коркунучтуу жырткычты өлтүрө атты.

Баары жеңилдей үшкүрүштү, Рингу болсо ичинен сыйынып атты.

Рингу: «Кудайым, Сага ыраазымын, Сен бизге жардам бердиң!»

Кудай эч кимди таштабайт. Балдар, Ал силерге кандай окуяларда жардам берди эле?

Анын сыйынууңарга кандай жооп бергендигин баяндап, бизге кат жазгыла.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Рингу, Сахиб Грабб, атасы, киши

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on November 06, 2020, at 11:53 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)