Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 057 (Taken hostage in Egypt 5)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

57. Барымтага алуу 5


(аттардын такасынын үнү)

Жусуп падышанын арабаларынын биринде Мисирди кыдырып жүрдү. Баары ага учурашып, кол булгалашты. Фараон Жусупту өзүнүн жардамчысы кылып бекитип, өзүнүн мөөрү болгон шакегин – өзүнүн бийлигин берди. Жусуп буудай жана пальма талаасын бойлой баратты.

Кудай кандай айтса, ошондой болду: жер мол түшүм берди.

(курулуш шаймандарынын үнү)

Жусуп эгин сактоо үчүн көп кампаларды курду. Ал жакка эгиндин ири өлчөмү сакталды. Жусуптун сонун планы бар эле. Ал алдын ала айткандай болбодубу: жети жылдык молчулуктан кийин, жети жылдык ачарчылык келди. Эл фараонго келди.

Эл: «Ачкадан өлгөнү калдык! Бизге жана балдарыбызга жегенге бир нерсе бер!»

Фараон: «Мен муну Жусупка тапшырдым. Ал силерге жардам берет, ага кайрылгыла».

Ар тараптан, атургай башка өлкөлөрдөн да адамдар келип атышты. Бир жолу ага он киши келди. Алар Жусупка таазим кылышты, Жусуп аларды дароо тааныды. Булар анын агалары эле. Жусуп көргөн түштөрүн эстеди. Агалары аны жек көрүп, кулчулукка сатып ийгенин эстеди. Алар болсо аны таанышкан жок.

Жусуп аларга каардуу мамиле кылды.

Жусуп: «Силер кайдан келдиңер?»

Агасы: «Канаан жеринен келдик. Эгин сатып алалы дедик эле».

Жусуп: «Калп! Силер тыңчысыңар!»

Агасы: «Жок, биз чын айтып жатабыз! Чындык! Биз он эки бир тууганбыз. Бирөө үйдө калды, бирөө каза болгон».

Жусуп: «Бир да сөзүңөргө ишенбейм. Ошентсе да, силерге эгин берем, Кудайды сүйгөндүктөн гана. Бирок, силер мага бир тууганыңарды алып келишиңер керек. Бирөөңөр бул жерде калсын. Ошондо кайтып келериңер анык болот».

Жусуп эмне үчүн аларга мындай катаал мамиле кылды? Эмне, алардан өч алгысы келдиби? Жок! Жөн гана агаларын сынагысы келди. Алар өзгөрдүбү, көргүсү келди. Жусуп алардын тилин түшүнөрүн алар баамдашкан жок.

Агасы: «Бул бизге Жусупка кылганыбыздын жазасы».

Муну укканда Жусуп ыйлап жиберди. Бирок баары бир эле өзүн билдирген жок. Агалары эгинди үйгө алып кетишти, Шымон болсо Мисирде калды.

Атасы Жакып Мисирде алар эмне болушканын укканда, үрөйү учту. Эгин түгөнгөндөн кийин, кайрадан Мисирге баруу керек болду. Бул жолу Бенжеминди ала барыш керек. Мисирге канчалык жакындаган сайын, аларды ошончолук коркунуч басты. Андан ары эмне болду? Ал тууралуу кийинки берүүбүздө уга аласыңар.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, эл, фараон, Жусуп, агасы

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 11, 2018, at 11:46 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)