Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 010 (A Christmas quiz)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

10. Төрөлүү майрамы тууралуу викторина


Бүгүн, убада кылганыбыздай, майрамдык викторина.

Кыз: «Мен бардык жоопторду билем го деп үмүттөнөм!»

Мен дагы ушундай деп үмүттөнөм!

Төрөлүү майрамы – бул Ыйса Теңирдин туулган күнүн майрамдоо. Жыл сайын бүт дүйнө жүзүндөгү элдер Анын туулган күнүн майрамдашат. Мен да майрамдайм. Дүйнөнүн Куткаруучусу төрөлгөнүнө бактылуумун.

2000 жылдан ашуун убакыт мурда Ыйса төрөлгөндө, түн ортосунда периште көрүнгөн. Талаада түнкүсүн кой кайтарып жүргөн койчуларга периште: «Коркпогула!» – деген. «Менин жакшы кабарым бар. Сүйүнгүлө! Дөөт шаарында силерге Куткаруучу төрөлдү; Ал Теңир Ыйса Машайак. Жалаякка оролуп, малга жем-чөп салган акырда жаткан Наристени табасыңар».

Капысынан түмөндөгөн периштелер көрүнүп: «Кудайга даңк! Куткаруучу төрөлдү!» – дешти.

Кудай адамдарды абдан жакшы көрөт, сени да Ал аябай жакшы көрөт!

Эми майрамдык викторинабызды баштайбыз. Даярсыңарбы? Ар бир суроого жооптун эки вариантын берем: бирөө туура, бирөө туура эмес. Силер туурасын табышыңар керек. Эмесе, кеттик!

1. Ыйса кайсы жерде туулган? Бейт-Лехемдеби же Каирдеби?

2. Ыйсанын апасынын аты ким эле? Сарабы же Мариямбы?

3. Жусуп кайсы кесиптин ээси эле? Электрикпи же жыгач устабы?

4. Периштелер Куткаруучу төрөлгөнүн кимге кабарлашты? Койчуларгабы же Иродгобу?

Жообуңарды бизге электрондук дарекке же жөнөкөй дарекке жөнөтсөңөр болот. Катта дарегиңерди жана жаш курагыңарды көрсөтүүнү унутпагыла, анан биз да силерге жооп жазабыз.

Кыз: «Кандай сонун! Мен азыр эле жазам!»

Силерге айтар кеңешим бар: Эгер Библияңар бар болсо, Лука жазган Жакшы Кабардын 2-бөлүмүнөн Ыйсанын төрөлүшү жөнүндөгү баянды окуп чыксаң, туура жоопторду табасың.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, кыз

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on November 06, 2020, at 11:03 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)