Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 009 (He came and He’ll come)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

9. Төрөлүү майрамынын учуру – Ал келатат


Мына ошентип, жылдын эң сонун убагы башталды! Жаңы жыл келатат.

Айрым өлкөлөрдө Жаңы жылга эмес, көбүнчө Ыйсанын төрөлүшү майрамына даярдык көрүп, дүкөндөрдү, көчөлөрдү кооздошот. Үйлөрдө балатыларды оюнчуктар, алтын түстүү жылдызчалар менен кооздошот! Балатынын бутактарынан жасалган тегерек чамбарда биринчи шам күйгүзүлөт.

Бул саатты көптөр толкундануу менен күтүшөт.

(Төрөлүү майрамына арналган ыр ойнолот)

Кыз: «Шам жанды. Ушул ажайып убакыт келгенине абдан кубанычтамын. Бул шам бизге Кудай сени жана мени жакшы көрөрүн айтып турат. Анын Уулу Наристе болуп төрөлгөн».

Төрөлүү майрамынын алдында ар бири жакшы кабар камтыган төрт шам жандырышат.

Биринчи шам төмөнкүнү эске салат:

Ыйса асмандан жерге келген. Биздин ордубузга айкаш жыгачта өлүш үчүн, Ал адам болгон. Аны көргө коюшкан, бирок Ал үчүнчү күнү тирилген. Ал азыр да тирүү!

Экинчи шам төмөнкүнү билдирет:

Ыйса ар бир адам үчүн дүйнөнүн жарыгы. Ошондуктан Ал сенин жүрөгүңдү жарыкка жана кубанычка толтургусу келет.

Үчүнчү шамдын бизге билдиргени бул:

Ал келет! Ыйса Теңир жерге дагы келет. Бирок мындан 2000 жылдай мурун келгендегидей келбейт. Мал акырга жаткырылган наристедей эмес, Теңир жана Падыша катары келет.

Төртүнчү шам мына муну баяндайт:

Аны күт жана келишине даяр бол! Эң башкысы, Аны бүгүн жашооңо кийир. Бул Анын келишине эң мыкты даярдык.

Ыйса жер үстүнө келген, дагы келет. Ыйсанын төрөлүшү майрамынын алдындагы бардык шамдан жарык нурданган эң сонун кабар ушул.

Сага төрөлүү майрамын утурлаган кубанычтуу күндөрдү каалайм.

Баса, дагы бир нерсе: эмкиде Төрөлүү майрамына арналган викторина болот. Сени да чакырабыз, сен да катыш.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, кыз

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 10, 2018, at 03:54 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)