Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 159 (Whoever digs a hole 4)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

159. Бирөөгө ор казба 4


Бул жийиркеничтүү адам аз жерден эс-акылын жоготуп коё жаздады. Персиядагы бүт жүйүттөр менен кошуп туруп асып өлтүрөм деп аткан Мордохайга урмат көрсөтүүгө анын өзүн мажбур кылышары эң жаман түшүнө да кирмек эмес эле. Өз элин сүйгөн жана сактап жүргөн тирүү Кудай ишке кийлигишерин Аман күткөн эмес.

Андан кийин аны эмне күтүп турганын Аман билсе… Аны падыша менен кошуп түшкү тамакка чакырышканына ал аябай сыймыктанып аткан. Эстер ханыша конок күтүүгө даярдык көрдү.

Ал Мордохайдын бакма кызы экенин ордодо эч ким билчү эмес. Акашбейрош падыша болсо ошол күнү ханышанын каалаганын орундатмак.

Падыша: «Эстер ханыша, каалаганың эмне? Кааласаң падышалыктын жарымын берейин!»

Эстер: «Падышам, сенден бир нерсе суранам: мага жана менин элим – жүйүт элине өмүр тартуула. Бир адам бизди өлтүрүп, жок кылгысы келет».

Падыша (кыжырдана): «Ким экен ал адам? Каякта жүрөт?»

Эстер: «Ал адам – мына бул Аман. Биздин айыгышкан душманыбыз!»

Ачууланган падышанын жаалы бетине чыкты. Аман андан ырайым сурады. Бирок майнап чыкпады. Желдеттер анын көздөрүн жаап, алып чыгып кетишти. Аман өлүмгө өкүм кылынып, өзү Мордохайга деп даярдаган даргага асылды.

Кыз: «Бирөөгө ор казсаң тайыз каз, өзүң түшүп калышың мүмкүн деген сөз кандай таамай айтылган!»

Аман жүйүттөрдүн баарын кырам дегендердин биринчиси эмес эле. Акыркысы да болгон жок. Бирок Кудай Өз элин сактайт. Ал душмандын караниет пландарын талкалайт.

Кудайдын ойлогон ою боюнча Куткаруучубуз Ыйса жүйүт болуп төрөлгөн. Кудай кандай ой ойлосо, так ошондой болот да. Акашбейрош падыша да Кудайдын колунда болчу.

Падыша: «Падышанын буйругу: менин падышалыгымдагы ар бир жүйүт коргонууга укуктуу!»

Падышанын күлүк атчан чабармандары бул жаңы мыйзамды өлкөнүн бардык провинциясына жеткиришти. Жүйүттөрдүн карамүртөз душманы Аман жүйүттөрдү жок кылуунун күнү деп белгилеген 13-декабрь тескерисинче жүйүттөрдүн шаңдуу жеңиш күнү болуп калды.

14-декабрда алар жеңишти майрамдап, бири-бирине белектерди тартуулап, жардыларга тамак беришти.

Кайгы кубанычка айланды. Кудай тандап алган израиль элин сактады. Акыркы сөз ар дайым Кудайда.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, падыша, Эстер, кыз

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 13, 2018, at 08:13 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)