Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 146 (Speaking stones 1)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

146. Сүйлөгөн таштар 1


Балдар, силер тыйын, марка сыяктуу нерселерди чогултасыңарбы? Юрген деген немис баланын текчеси таштарга толо эле.

Берта: «Айи-ий! Бул таштардын баарын кайдан алгансың?»

Юрген: «Муну биз Альпыга барганда тоодон тапкам. Бул болсо Берлин дубалынын бир кетими. Бул ташты Египеттеги Падышалар өрөөнүнөн байкем алып келген».

Берта: «Алар ар түрдүү, түстөрү да ар башка экен».

Юрген: «Таштардын көбү жашоомдогу ар кандай окуялар менен байланыштуу».

Балдар, Ыбрайым да таштарды коюштурганын силер билесиңерби? Бирок шкафтын текчесине эмес. Шкафка койгонго алар өтө эле чоңдук кылмак. Ал 4000 жыл мурун жашаган жана таштарды эстелик үчүн койгон.

Берта: «А эмне үчүн?»

Баары Ыбрайым менен чыныгы Кудай сүйлөшкөндөн башталган.

Кудайдын үнү: «Ыбрайым, өз жериңди, туугандарыңды таштап, Мен көрсөткөн жерге бар!»

Ыбрайым Кудайды көргөн эмес, бирок Аны даана уккан жана эмне кылышы керек экенин так билген. Ал баарын Кудайга бериши керек болчу. Кудай адамга бир нерсе берээрде, адамдан баарын Ага беришин талап кылат.

Кудайдын үнү: «Мен сага жаңы жер берем да, сенден улуу эл чыгарам. Сага батамды берем, сенин атың улуу болот».

Ыбрайым жубайы экөө бул жол аларды каякка алып барарын билишпесе да, өз жерин таштап чыгышты. Ал Кудайга ишенген, ошондуктан Ага тил алды.

Узак саякаттан кийин Ыбрайым азыр Израиль өлкөсү жайгашкан жерге келди.

Кудай андан улуу эл жаратып, көптөгөн жылдардан кийин ал элден Куткаруучубуз Ыйса келерин ал элестете алды бекен?

Чоочун өлкөдөн ал өзүнө тааныш үндү дагы укту.

Кудайдын үнү: «Мен бул жерди сенин тукумуңа берем».

Ошондо Ыбрайым туура жолдо экенине бекем ишенип калды.

Баарынан мурун ал курмандык чалынуучу жай курду. Ага Кудайды жана Анын убадаларын эстетип тургудай таш койду.

Андан түштүгүрөөк жакка дагы бир эстелик боло турган таш койду.

Балдар, а силерде чогулган таш барбы? Кудай менен бирге башыңардан өткөргөндөрдү эстөө үчүн таш чогултсаңар болот. Мисалы, Кудай сыйынууңарга жооп бергенде же кыйынчылыктан куткарганда, текчеге анча чоң эмес таш коюп койсоңор болот. Таштар Кудайды эстетип, Ага таянганга, Ал үчүн жашаганга дем берип турсун.

Ал эми Ыбрайым андан ары эмне болгонун эмки берүүдө уга аласыңар.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Берта, Юрген, Кудайдын үнү

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 13, 2018, at 07:10 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)