Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 037 (Jumping with joy at 15.00 o’clock)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

37. Ийбадатканадагы керемет


Киши: «Мындай болушу мүмкүн эмес!»

Аял: «Ой, чын эле! Басып жүрөт!»

Киши: «Бул башка адам болуп жүрбөсүн?»

Аял: «Жок. Дал өзү. 40 жылдан бери аксак болчу, эми түз басып калды!»

Киши: «Бул керемет эмеспи? Өмүрүмдө мындайды көргөн эмесмин!»

Аял: «Карачы, кандай бактылуу. Кубангандан так секирип жүрөт».

Чындап эле аксак киши басып, секирип, Кудайды даңктап жүрдү. Эч нерсе түшүнбөгөн адамдар бир аны карап, бир Петирди карап атышты.

Петир: «Бизди эмне мынча карадыңар, бул кереметти биз кылгансып? Аксакты Ыйса айыктырды! Кереметтер Ыйсага ишеним менен жасалат».

Ал күн кадимки күндөрдөй эле башталган. Түштөн кийин Петир менен Жакан ийбадатканага келишти. Күн сайын саат үчтө ийбадатканага келип сыйынуу алардын адаты эле. А сен качан сыйынасың?

Алар ийбадаткананын кире беришинде токтоп калышты. Аксак жарды адам аларга колун сунуп мындай деди:

Аксак: «Мага кайрыла кеткиле! Ырайым кылгыла! Жегенге бир нерсе берип койгулачы».

Петир менен Жакан жакыр адамга карашты. Петир мындай деди:

Петир: «Менде күмүш да, алтын да жок. Бай эмесмин. Бирок эмнем бар болсо, ошону берем: Ыйса Машайактын ысмынан, тур да, бас!»

Петир аны колдон алып, ордунан турганга жардам берди. Керемет болду. Капыстан аксактын буттарына, муундарына күч кирди. Ал туруп, баса ала турганын көрдү.

Ал буга ишене албай турду. Буттары кайрадан соо! Ал басып, секирип, Кудайга ыраазы болду. Кубанып, Кудайды даңктады, айланасындагылар да Кудайды даңкташты!

Ыйса сенин жашооңдо да керемет жасагысы келет. Өмүрүңдү Ага ишенип тапшыр!


Катышуучулар: Айтып берүүчү, киши, аял, Петир, аксак

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 11, 2018, at 10:20 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)