Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 016 (Gone without a trace 1)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

16. Дайынсыз жоголгон адам 1


Бул өтө чоң издөө болду! Издебеген жер калган жок. Майнап чыкпады. Аны Иордан дарыясынын жээгинен издешти, шаардан издешти, тоолордон издешти. Бирок эч бир жерден изин да таба алышкан жок.

Издөөгө элүү киши үч күн катары менен катышты. Бирок аны көргөн эч ким жок, кабарын билген да бир жан болгон жок. Аны таба алышкан жок. Бул адам өзү ким эле? Силер аны таба аласыңар. Болбоду дегенде бир жолу анын ысымын уккансыңар.

Жоголгон адам тууралуу маанилүү маалыматтар:

Жерлиги: тишпилик

Кесиби: пайгамбар

Ал Кудайдын атынан сүйлөгөн жана ал алдын ала айткандын баары орундалган.

Ал падышага анын күнөөлөрүн тайманбай айткан.

Кайсы бир убакта каргалар ага эртең мененки жана кечки тамагын алып келип турушкан.

Ал тоодо сыйынганда Кудай асмандан жерге от түшүргөн.

Анын аты «Менин Кудайым – Теңир» деген маанини билдирет.

Балдар, бул ким экенин билесиңерби?

Библиядагы бир жазуу силерге жообун таап берет.

Биз айтып жаткан адамдын аты 1 Падышалар китебинин 13-бөлүмүндө айтылат (бул китеп Библиянын биринчи бөлүгүндө, Байыркы Келишимде жайгашкан).

Жакында бул адам тууралуу көбүрөөк билесиңер.


Катышуучулар: Айтып берүүчү

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 10, 2018, at 04:19 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)