STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 129 (Shabola from South Africa)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

129. Шабола асманга кетет


(Балканын үнү)

Атасы: «Шабола, жакшы жасап атасың!»

Шабола: «Ох, булчуңдарым ооруп чыкты! Ай, бутум ай!»

Атасы: «Сен колуңа балка да кармай албай калдың. Биртке эс ал, андан кийин топуракты таптайбыз».

Шабола эс алганы көлөкөгө отурду. Алыстан маймылдын үнү угулду. Шаболанын атасы Түштүк Африканын чытырман токоюнда кичинекей үйлөрдү куруп келе жатат. Алардын үйлөрү айылдагы кайрымдуулук мектебинин үйлөрүндөй жакшы болор бекен?

Атасы: «Шабола, тур, ишке кириш!»

Атасына жардам берүү кызыктуу, бирок мектепке баруу андан да кызык эле.

Эртеси эртең менен жер жаңгактын майы менен жүгөрү жеп алып, бала мектепке жөнөдү. Ал «Умфундисти» жакшы көрчү. Зимбабведе мугалимди ушундай аташат. Аны бардык балдар жакшы көрчү. Шаболага баарынан да ишеним тууралуу сабак жакчу. Бул сабакта тармал кара чачтуу бала мугалимди өзгөчө кунт коюп угуп отурар эле.

Мугалим: «Кичинекей козу качып кетип, адашып калды. Койчу бир короо койду калтырып коюп, жоголгон козуну издеп жөнөдү. Ал аны тапкыча издей берди. Тикен бадалдын арасынан таап алып чыкты да, колуна көтөрүп, үйүнө алып келди. Ыйса Теңир – Жакшы Кайтаруучу. Ал жерге адашкандарды табуу үчүн келген».

Шабола: «Умфундис, мен дагы адашкан козумун. Ыйса мени да издейби?»

Мугалим: «Ооба, Ал сени издейт, анткени Ал сени сүйөт. Кайсы убакта болбосун, анын короосундагы кою болгуң келсе, Ага кайрылсаң болот».

Бир күнү Шабола мектепке келбей калды. Эртең менен турайын десе эти ысып, башы айланат.

Апасы: «Шабола, этиң ысып калыптыр, мен табып чакырайынчы».

Шабола (алсыз үнү менен): «Ал мага жардам бере албайт».

Шабола катуу ооруп, араң-араң сүйлөп калды. Жекшемби күнү мугалим баланы көргөнү келди.

Мугалим: «Шабола, сен катуу ооруп атыпсың. Эгерде убактың аз эле калган болсо, өлүмгө даярсыңбы?»

Шабола: «Ыйса Теңир – менин жакшы Кайтаруучум. Жакында Ал мени асманга алып кетет!»

Шабола көзүн биротоло жумду.

Баланы акыркы сапарга узатууда Умфундис Жакшы Кайтаруучу жөнүндөгү баянды айтып берди.

Ошондо Шаболанын атасы уулунун кичинекей табытынын жанына тизе бүгүп, сыйынды.

Атасы: «Ыйса Теңир, эми Шабола Сени менен. Ага ал жакта жакшы. Мен да Сеники болгум келет. Менин күнөөлөрүмдү кечир, менин да Кайтаруучум бол! Оомийин. Умфундис, мен эми мүңкүрөбөйм, анткени бир убакта Шаболаны асмандан кайрадан көрөрүмдү билем!»


Катышуучулар: Айтып берүүчү, атасы, апасы, Шабола, мугалим

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 12, 2018, at 04:14 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)