Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 132 (Fish and questions at breakfast)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

132. Балык жана эртең мененки тамак боюнча суроо


Баары бат эле болуп кетти. Эгерде ошол мезгилде гезиттер болгон болсо, ошол жылдын Пасах майрамы биринчи беттерге басылмак.

Окурман: «Ыйса өлгөн күндөгү көрдөй караңгылык».

Окурман айым: «Өлгөндөр тирилип, шаардан көрүнүштү».

Окурман: «Жер титирөөдөн аскалар кулады».

Окурман айым: «Командир Ыйсаны Кудайдын Уулу деп тааныйт».

Окурман: «Ыйсанын акыркы сөзү: аткарылды!»

Окурман айым: «Мына, биринчи бетинде чоң тамгалар менен жазылган аталыш: МҮРЗӨ БОШ!»

Бул жаңылыктардын баарын бизге «Иерусалим кабарлары» гезити эмес, өз көзү менен көргөндөр жеткиришти. Аларды биз Библиядан билебиз.

Мүрзө бош. Ыйса тирүү! Ал тирилип, шакирттерине барды. Алар дагы эле кайгырып, коркуп отурушкан. Ыйсаны көрүп, алар аябай кубанышты.

Бир аздан кийин эле Петир жана башка шакирттер Иерусалимден өздөрүнүн Галилеясына, Галилея деңизинин жээгине келишти.

Петир: «Мен балык кармаганы кеттим».

Жакан: «Биз да сени менен барабыз».

Кечинде алар деңизге сүзүп чыгышты. Бирок түн ичинде алар бир да балык кармай алышкан жок. Таң атканда, деңиздин жээгине Ыйса келди. Шакирттер Аны таанышкан жок.

Ыйса: «Тамагыңар барбы?»

Жакан: «Жок».

Ыйса: «Торуңарды кайыктын оң жагына салгылачы». (суунун шарпылдашы угулат)

Петир: «Тор балыкка толуп калды!»

Жакан: «Бул Ыйса Теңир!»

Жээктен 100 метр нараактан эле торлору толуп калды – 153 балык түшүптүр.

Ыйса: «Келгиле, тамактанып алгыла!»

Отто куурулган балык менен нан туруптур. Ыйса Өзүнүн досторуна үчүнчү жолу көрүндү. Петирди абийири кыйнап атты. Ал Ыйсадан үч жолу баш тартканын ойлоду. Тамактанышкандан кийин Ыйса Петир менен өзүнчө сүйлөштү.

Ыйса: «Петир, сен Мени сүйөсүңбү?»

Петир: «Ооба, Теңир, сүйөрүмдү Сен билесиң».

Ыйса: «Петир, сен Мени сүйөсүңбү?»

Петир: «Ооба, Теңир, Сени сүйөрүмдү Сен билесиң».

Ыйса: «Петир, сен Мени сүйөсүңбү?»

Петир Ыйсанын үч жолу сураганына капа болду.

Петир: «Теңир, Сен баарын билесиң. Сени сүйөрүмдү билесиң».

Балдар, Ыйса бүгүн силерге ушул суроону берсе, силер да ушундай жооп берет белеңер?

Ыйса Петирди кечирди. Кимге көп кечирилсе, ал Ыйсаны көп сүйөт!


Катышуучулар: Айтып берүүчү, окурман, окурман айым, Петир, Жакан, Ыйса

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 13, 2018, at 06:23 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)