Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 059 (Tears on Christmas 1)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

59. Төрөлүү майрамындагы көз жаш 1


Машайакчылардын жатак мектебиндеги балдардын бардыгы Төрөлүү майрамындагы каникулга үйлөрүнө даярданып атышты. Турея бул убакытты көптөн бери күтүп жүргөн. Аны алып кеткени атасы келди. Алар көп жол жүрүштү. Турея жолдо көп ойлонду.

Турея: «Рачиде мени тааныйт болду бекен, ата? Хассан кандай жүрөт?»

Турея сиңдисин, инисин, мышыкты жана эчкилерди көрөрүнө сүйүнүп баратты.

Алар айылга жеткенде терезелерде шамдар күйүп калган. Короодо болсо жаркырак коңуздар учуп жүрүшкөн. Кудуктун жанында кыздар суу алып атышкан. Туреяны көрүп, алар кыйкырып эле калышты:

Кыздар: «Турея, салам! Кандай жыргал, келгениң сонун болду. Кандайсың? Мектебиң жөнүндө айтып берчи».

Турея: «Макул, бирок азыр кеч болуп калды. Эртең келгилечи, баарын айтып берем».

Апасы Туреянын жакшы көргөн тамагын жасап берди. Алар бири бирине көп нерселерди айтып бергилери келди. Турея көптөн бери үйгө келе элек болсо да, баары мурдагыдай экен. Бир гана нерсе адаттагыдан башкача экен. Турея бул жөнүндө төшөгүндө жатып, уктаардын алдында ойлонду.

Төрөлүү майрамы болчу, бирок айылда эч ким майрамдабай эле туруптур. Бул жерде Туреядан башка эч ким Ыйсаны жакшы көрчү эмес. Ал Төрөлүү майрамын майрамдагысы келди, бирок кандай майрамдашын билбеди.

Турея: «Таптым. Эртең эрте турам да, Библия окуйм».

Ал так ошондой кылды. Эртең менен эрте акырын сыртка чыкты да, дөбөгө чыкты. Ал жерде жалгыз отуруп алып, Мариям, Жусуп жана Ымыркай жөнүндө окуду.

Турея: «Ыйса Өз элине келди, алар болсо Аны кабыл алышкан жок. О, Теңир, ошондо Бейт-Лехемде Сенин алдыңда эшиктерин жабышкан, бүгүн жүрөктөрүн жабышат».

Ыйсага ишенип, Аны Теңир, Куткаруучу катары кабыл алып, Андан жашоосуна киришин суранганда Турея он жашта болчу.

Хассан: «Турея, сени бардык жерден издедим. Эмнени окуп атасың?»

Эмне кылса? Инисине Библиядагы окуяны айтып берсеби? Ал сатып койсочу? Анда чоң кыйынчылыктар болушу мүмкүн. Ошентсе да, инисине Ыйса тууралуу айтып берүүнү чечти. Чиркөөдөгү коңгуроолор бүт дүйнөдө Машайактын төрөлгөнү тууралуу жар салып жатканда, бул кичинекей бала биринчи жолу Ыйса тууралуу окуяны укту.

Төрөлүү майрамы жакшы башталган, бирок аягында көз жаш төгүлүшү керек болчу. Эмне үчүн? Бул тууралуу, балдар, эмки берүүдө айтып берем.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, кыз, Турея, Хассан

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 11, 2018, at 11:53 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)