Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 034 (The most important question)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

34. Эң маанилүү суроо


Шакирттер асманды үнсүз карап, тоодо турушту. Ыйса алар менен сүйлөшкөндөн көп мүнөт өткөн жок. Капысынан Ал асманга көтөрүлүп, алардын көз алдында булуттардын арасына кирип кетип, көрүнбөй калды. Шакирттерди таң калтырып, алардын алдына ак кийимчен эки периште пайда болду.

Периште: «Асманды эмне мынча тигилип тиктеп турасыңар? Ыйса асманга кандай көтөрүлүп кетсе, так ошондой эле жерге кайрылып келет».

Ыйса дагы келет! Убада ушундай! Коштошуудагы керемет убада!

Кыз: «Чын эле Ыйса кайра келеби?»

Ооба. Библияда Ал Өзү: «Мен силерге орун даярдаганы бара жатам. Кайтып келем да, дайыма Мени менен болушуңар үчүн, силерди жаныма алып кетем», – деп айткан.

Бала: «А Ыйса качан келет?»

Шакирттер да Андан бул тууралуу сурашкан. Ал аларга мындай деп жооп берген:

Ыйса: «Ал күн качан келерин билүүнүн силерге кереги жок. Мени унутпаганыңар алда канча маанилүү. Мага ишенгиле жана Менин келишимди күткүлө. Качан кайра келеримди жалгыз гана Кудай Ата билет».

Ошентсе да, Ыйса Анын келер убактысын биле аларыбызды айткан. Ал кайрадан жерге келердин алдында согуштар, жер титирөөлөр болот деген. Булар боло баштаганда, аз эле калган болот.

Кыз: «А Ыйса экинчи жолу кантип келет?»

Бала: «Булут үстүндө, ээ?»

Силер кунт коюп угуп атасыңар. Ал күтүүсүздөн келет. Анын келиши тууралуу бир да гезит, эч бир билдирүүлөр маалымдабайт. Бирок баары көрүшөт. Ыйсаны унутуп коюп, Ансыз жашап жаткандар, Аны жок дегендер коркунучка дуушар болушат. Ал эми Аны сүйгөндөр, Аны күтүп жаткандар бактылуу болуп, Аны менен асманга кетишет.

Мен Ал тараптамынбы? Силерчи балдар, Ал тараптасыңарбы? Бул – дүйнөдөгү эң маанилүү суроо.

Кудай бардыгы чечкиндүүлүк менен Аны тандап алышып, асманга барышын каалайт, анткени Ал бизди сүйөт.

Ыйса Теңирге ишенүү – биз Ал тарапта экенибиздин кепилдиги.

Ыйса кайра келет! Ишенем, бир аз гана күтүү калды.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Периште, бала, кыз, Ыйса

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 11, 2018, at 10:10 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)