Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 002 (The storm rages)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

2. Удургуган бороон


Капысынан эле катуу бороон башталды. (бороон, чагылган, жамгырдын добушу)

Толкундар кайыкты ургулап, нары бир жулкуп, бери бир жулкуп жатты.

Бороон ээ бербей долуланды. Калакка бекем жармашкан шакирттердин үрөйлөрү учту. Мындай бороон Галилея деңизинде өтө коркунучтуу эле.

Толкун кайрадан кайыкка чабылды. Бороон улуп, деңиз чайпалып жатты.

Кантип аман калышат?

Кайыктагы кээ бир шакирттер балыкчылар эле. Алар мурда деле бороонго калган учурлар болгон, бирок ушунчалык алай-дүлөйдү көрүшө элек эле.

Шакирттер: «Жардамга! Чөккөнү калдык!»

Алар өмүр менен алпурушуп жатканда, Ыйса кайыктын арткы бөлүгүндө уктап жаткан!

Бороон болуп көрбөгөндөй күч алганда, шакирттер Ыйсага жабылышып, боздоп жиберишти:

Шакирттер: «Ыйса! Сага баары бирби, чын эле баары бирби? Чөгүп баратабыз! Чөктүк! Жардам бер!»

Балдар, силердин жашоо кайыгыңарга коркунучтун, тынчсыздануунун толкуну урганда силер кимди чакырасыңар?

Ыйса – бардыгынан үстүндө турган Теңир! Ал турду да, шамалга кайрылды.

Ыйса: «Тынчтан! Басыл!»

Ошол замат шамал басылып, айлана бороон такыр болбогондой тынчып калды.

Шакирттер бул кереметке таң калышты.

Шакирттер: «Ыйса деги ким? Ага шамал да, толкун да баш иет экен!»

Ыйса – Теңир, Ал бардык жаратылыштын, оорулардын, кара күчтөрдүн үстүнөн бийлик кылат. Ыйса, атургай өлүмдүн үстүнөн да бийлик кылат!

Ага теңдеш эч ким жок. Ал кыла ала турганды башка эч ким кыла албайт.

Шакирттер кайыкта Ыйса менен бирге чөгөт экенбиз деп ойлошкон.

Ыйса: «Ишенимиңер кайда? Эмнеден корктуңар?»

Ыйса берген суроону алар өздөрүнө берүүлөрү керек болду.

Ыйса – Теңир, Ал сенин жашооңдогу толкундардын үстүнөн бийлик жүргүзөт.

Ага муктаждыктарыңдын, тынчсызданууларыңдын, мектептеги көйгөйлөрүңдүн жана ооруларыңдын толкундарын айтып бер.

Ыйса – Теңир, ошондуктан сен коркпо, андан көрө Ага ишеним арт!


Катышуучулар: Айтып берүүчү, шакирттер, Ыйса

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on January 22, 2019, at 02:26 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)