Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 058 (God puts everything right 6)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

58. Кудай жакшылык кылат 6


Бул бир керемет күн эле! Жусуптун бир туугандары эгин алмакка кайрадан Мисирге келишти. Алар фараондон кийинки эле адам 20 жыл мурун ич тардыктан сатып жиберишкен өздөрүнүн иниси экенин билишкен эмес.

Жусуп дасторкон жаюуну буюрду. Бир туугандарды алар үйдө адатта кандай отурушса, ошондой отургузушту. Алар буга таң калышты. Акыры үйлөрүнө мүшөк толо эгин менен кетишерине кубанышты. Бирок алар алыс узай электе эле, Жусуптун кызматчылары артынан кууп жетишти.

Кызматчы: «Токтогула! Кыймылдабагыла! Мырзанын күмүш чөйчөгүн уурдап алыпсыңар!»

Агасы: «Жок, биз эч нерсе уурдаган жокпуз. Өзүңөр карагыла».

Кызматчы алардын мүшөктөрүн тинте баштады. Акыркы мүшөк Бенжеминдин мүшөгү эле.

Кызматчы: «Мына, ушул уурдаган тура! Баарыңар кете берсеңер болот. Бул болсо кул болуп бул жерде калат!»

Аларды кайрадан Жусупка алып келишти. Коркконунан титиреген алар ага таазим кылышты. Бир туугандар кетердин алдында Жусуп аларды сынаш үчүн бирөөнүн мүшөгүнө күмүш чөйчөк салып коюуну буюрган болчу. Бири бири үчүн күйөөр бекен, же жүрөктөрү дагы эле катуубу, билгиси келген эле. Жусуп алар менен катаал сүйлөштү.

Жусуп: «Эмне үчүн мындай кылдыңар? Бул ууру эми бул жерде калып, менин кулум болот».

Ошондо Жүйүт үн катты.

Агасы: «Ырайым кыл, Бенжеминди коё бер! Анын ордуна мен кул болоюн. Болбосо атабыз кайгыдан өлүп калат».

Бир туугандар биримдикте турушту. Ошондо Жусуп аларга өзүнүн ким экенин ачты.

Жусуп: «Силер мени тааныган жоксуңарбы? Мен Жусупмун, силердин бир тууганыңар».

Алар эмне дээрин билбей туруп калышты. Жусуп сүйүнгөндөн ыйлап, аларды кучактады.

Жусуп: «Кудай мени силер тирүү калышыңар үчүн Мисирге жиберген. Баргыла, атамды жана үй-бүлөңөрдү бул жакка алып келгиле. Ачарчылык дагы 5 жылга созулат, мен силер үчүн кам көрөм».

Жусуп аларга көп белек берип, үйлөрүнө жиберди.

Жусуптун тирүү экенин уккан атасынын кубанычында чек жок эле. Аз убакыттан кийин 70 адам оокат-жайы менен Мисирге бет алды. Алар өлкөдөгү эң жакшы жерге отурукташышты. Не деген жолугушуу! 20 жылдан кийин Жусуп кайрадан атасын көрдү. Кудай бардыгын жакшылыкка айлантты. Бир туугандары болсо, акыры кылган күнөөлөрүн моюнга алышты.

Агасы: «Жусуп, өтүнөм, бизди бардыгы үчүн кечир».

Жусуп: «Мен силерди кечирем. Силер караниеттик кылдыңар эле, Кудай аны жакшылыкка айлантып койду».

Ооба, Кудай бардыгын жакшылыкка бурду. Бул Анын Өзүнүн эли аман калышы үчүн планы болчу.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, кызматчы, Жусуп, агасы

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 11, 2018, at 11:50 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)