Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 011 (Jesus is born)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

11. Ыйса төрөлдү


(Көп адамдар басып жүргөндөй үн)

Падышанын жарчысы: «Назареттин жашоочулары! Падышанын буйругуна кулак салгыла! Өлкөдө эл каттоо жүргүзүлөт. Ар бир атуул өзү туулган шаарга барып, каттоодон өтүүгө тийиш.
Бул кабар, албетте, силерди сүйүнтпөйт. Бирок эл каттоо бүткөндөн кийин, кайра кайтып келесиңер. Мыйзамга баш ийгиле! Эсиңерде болсун: падыша каардуу».

Назарет дүрбөп эле калды. Көптөр нааразы болушту. Падышанын буйругу алардын планында жок эле, бирок Кудайдын планында бар болчу.

Мариям менен Жусупка да узак жолго аттанууга туура келди. Жусуп Дөөт падышанын тукумунан эле, ошондуктан өзүнүн мекени Бейт-Лехемге барышы керек болчу.

Саякат кызыктуу болушу мүмкүн, бирок 170 км жөө басыш деген анчалык деле жагымдуу нерсе эмес!

Өзгөчө Мариям үчүн бул саякат өтө оор болду, анткени жакында ал тун уулун төрөмөк. Ал Кудайдын Уулуна эне болорун билчү, бул жакшы кабарды периште ага да, Жусупка да билдирген.

Ыйса, дүйнөнүн Куткаруучусу – бул Кудайдын ажайып планы эле.

Бейт-Лехемге карай бул сапар бүтпөчүдөй сезилди. Алар 5 күн жол жүрүштү. Мариям менен Жусуп өздөрү эч качан мындай план түзүшмөк эмес. Бирок бул Кудайдын планына кирген, ошондуктан алар моюн сунуп, Кудайдын эркин аткарышты.

Бейт-Лехемде аларды чоң көңүл чөгүү күтүп турган.

Мейманкана ээси: «Орун жок. Бөлмөлөр бүт бош эмес. Башкалардан сурап көргүлө. Баргыла, силерге бул жерде орун жок».

Алардын алдында башкалардын эшиктери да жабылып атты.

Акырында алар малканадан орун табышты.

Малкана да Кудайдын планына кирет.

Ошол жерде, малканада, түн ортосунда керемет болду.

Ыйса төрөлдү. Мариям ымыркайды алып, жалаякка ороду да, акырга жаткырды.

Кудайдын планы ушундайча ишке ашты.

Элестетсеңер, Кудай бул окуядан 700 жыл мурда эле Куткаруучу Бейт-Лехемде төрөлөрүн убада кылган.

Кудай Өзүнүн планын ишке ашырып, бизге Өз Уулун берди, Ал дүйнөнү чексиз сүйгөн.


Катышуучулар: айтып берүүчү, падышанын жарчысы, мейманкана ээси

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 10, 2018, at 04:03 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)