Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 053 (Envy has terrible consequences 1)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

53. Ич тардыктын кесепеттери 1


Балдар, силердин бир туугандарыңар барбы? Алар менен мамилеңер жакшы элеби же кээде чатакташып, уруша кетесиңерби? Биз башка адамдар менен тил табышканга үйрөнүшүбүз керек.

Тилекке каршы, Жакыптын балдары ага үйрөнүшкөн эмес. Библияда Жакыптын он эки уулу болгону айтылат. Он эки бир тууган жашаган үй-бүлөнү элестеткиле. Мындай үй-бүлөдө дайыма бир нерсе болуп турат.

1-бир тууган: «Тажадым ушундан! Жусупка дайыма эң жакшысын беришет».

2-бир тууган: «Кенжелер сүйгүнчүк болушат да».

1-бир тууган: «Биз бул жакта кара терге түшүп атабыз, атам болсо Жусуптун эле көзүн карап отурат».

2-бир тууган: «Тойгон күчүк! Ага кандай жаңы кийимдерди беришкенин көрдүңөрбү?»

1-бир тууган: «Атам аны бизден алда-канча жакшы көрөт. Бул адилетсиздик!»

Жусупка бир туугандардын ичи тарыды. Балдар, а силердин бирөөлөргө ичиңер тарыды беле? Жүрөктөгү ичи тардык жакшылыкка алып барбайт. Ал жек көрүүнүн, кызганычтын кара ниет сезимдерин козгоп, отоо чөптөй өсөт. Мен өзүмдөн улам билем, жүрөктө ич тардык пайда болгондо, дароо бул туурасында Ыйса менен сүйлөшүп, Андан ич тардыкты алып салуусун суранган жакшы.

Жусуптун бир туугандары анткен жок: кечирим сурашпагандыктан ич тардык күчөгөндөн күчөп, аларды бийлеп алды. Алар Жусупту жек көрүшүп, аны менен сүйлөшпөй калышты. Жусуп өз үй-бүлөсүндө өзүн жат сезип, азап тартты. Аны өз бир туугандары шылдыңдашпадыбы. Бирок ал алардын жамандыгына жамандык менен жооп берген жок. Ушунун бардыгын көтөрүүгө Кудай ага күч берди. Түн ичинде Кудай Жусуп менен түшүндө сүйлөштү. Таң атканда Жусуп түшүн бир туугандарына айтып берди.

Жусуп: «Түшүмдө биз түшүм жыйнап, эгин боолоп атыптырбыз. Капысынан менин боом так ортого туруп калды, силердин бооңор ага таазим кылып атышыптыр».

1-бир тууган: «Бул эмнени билдирет? Же эмне, сен биздин падышабыз болгуң барбы?»

Жусуп: «Андан кийин түшүмдө мага күн, ай жана он бир жылдыз таазим кылып атышканын көрдүм».

2-бир тууган: «Эй, түш көргүч! Жапчы оозуңду! Өзүң жөнүндө өтө эле көп ойлоп алдың!»

Кудай түшүндө көрсөткөндөрдү Жусуп айтпай эле койсо жакшы болбойт беле. Анткени алар анын түштөрүн угуп, аны ого бетер жек көрүп калышты. Атургай ошондон кийин Жусуп жашабай эле коюшун каалашты. Көрдүңөрбү ич тардык эмнеге алып барарын? Түшүн айтып бергени үчүн Жусупту атасы да урушту. Бирок Жусуп түштөрүн унута алган жок.

Бул эмнени билдирет эле? Аны силер кийинки берүүлөрдөн биле аласыңар.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Жусуп, эки бир тууган

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 11, 2018, at 11:33 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)