Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 007 (On the winner’s side)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

7. Эң күчтүү адам тарапта


Пелиштиликтер ысрайылдыктарга каршы кайрадан согуш башташты. Дөөттүн агалары согуш талаасында эле. Дөөт аларга азык алып келип, ал-абалын билгени келген. Согуш талаасына жакын келип, душманды – бою 3 метрдей болгон алп адамды көрдү. Анын аты Голийат эле. Ал ысрайылдыктарды шылдыңдап, каргап жаткан экен. Андан бардык аскерлер, атургай падыша Шабул да коркуп турган.

Кудай бардык адамдардан күчтүү экенин алар чын эле унутуп коюшканбы?

Голийат: «Эй, келесоо ысрайылдыктар! Эмне, коркуп атасыңарбы?! Ха-ха-ха! Мен силерди тирүүлөй жутам! Силерге Кудайыңар да жардам бере албайт. Мен Андан күчтүүмүн».

Дөөт: «Баарыңар угуп атасыңарбы, анын эмне деп жатканын? Ал Кудайды шылдыңдап жатат! Силер ушуга жол берип, эч нерсе кылбай тура бересиңерби?»

Дөөттү бул наадан пелиштилик териктирди. Ысрайылдыктарды шылдыңдаса да мейли эле, Кудайды шылдыңдоо деген акылга сыйбаган нерсе да! Ал өтө эле чектен чыгып кетти. Дөөт дароо Шабул падышага барды да, алп Голийатка каршы чыгарын билдирди.

Дөөт олуттуу сүйлөдү. Голийатка каршы чыккандагы Дөөттүн куралы: койчулук таягы жана салмоор эле. Кудай баарынан күчтүү экенин ойлогондо, кайратына кайрат кошулду.

Алп балбанга каршы чыккан кичинекей койчуну көргөн аскерлердин көбү көргөн көздөрүнө ишенишпеди. Демдерин ичине катып, эмне болорун күтүп калышты.

Голийат да Дөөттү көздөй келатты.

Голийат: «Мен эмне, итминби сага, таяк алып чыккыдай? Же Кудайым коргойт деп ойлоп атасыңбы? Ха-ха-ха, мен Андан күчтүүмүн. Өлтүрөм сени!»

Дөөт: «Cен мага каршы найза, кылыч, калкан менен келе жатасың, мен болсо сага каршы өзүң шылдыңдаган Ысрайыл аскеринин Кудайынын, Себайот Теңирдин, атынан келе жатам. Ал сенден күчтүү! Ошондуктан менден жеңилесиң, ошондо бүт дүйнө Ысрайыл тирүү Кудайга кызмат кыларын билет!»

Дөөт салмооруна таш салып, мээлеп туруп ыргытты эле… (таш ыргыганынын үнү)

Голийат: «А-а-а-а-а!» (Киши кулаганынын үнү)

Дөөттүн салмоорундагы таш алптын как чекесине кадала түштү эле, ал ошол жерден жан берди.

Голиайттын Кудайга тил тийгизгенинин арты эмне болду? Жакшы эч нерсе болгон жок. Акырында ким күчтүү болуп чыкты? Албетте, Кудай!


Катышуучулар: айтып берүүчү, Голийат, Дөөт

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on January 22, 2019, at 02:27 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)